Биз тез өзгөрүлмө жашоодо жашап жатабыз. Көп учурда күнүбүз оор жумуш графиги, басып-туруп шам-шум этүү жана активдүүлүктү сактоо үчүн кофе ичүү менен өтөт. Мындай чөйрөдө көпчүлүк адамдар кайсы бир учурда ичтин көбүшүнө жана метеоризмге кабылышат. Көп тамактангандан кийин ичтин көбүшүн сезесизби, ашказаныңыз стресске реакция кылабы же кош бойлуу убакта ичиңиз көбөбү. (6-7) Симетикон Эспумизандагы активүү зат, тамак сиңирүү системасында туруп калган газды бошотууга жардам берет, ичтин көбүү симптомдорун жеңилдетүүгө жардам берет. (8-10)
Ичтин көбүшү жана метеоризм дарыгерге келгенде маалымдалган көп кездешүүчү ичеги-карын симптомдорунун бири болуп саналат. Алардын себептери жана жыштыгы ар башка адамдарда олуттуу айырмаланат. Эспумизан дары каражатынын активдүү заты - бул Симетикон, ал ичтин көбүшүнө жана метеоризмге каршы текшерилген жана натыйжалуу каражат болуп саналат. Эспумизан дары каражатынын активдүү затынын бир дозасы метеоризм же ичтин көбүшү сыяктуу, газ пайда кылуу менен байланыштуу симптомдорду тез жок кылат. (1,13). Эспумизан дары каражатынын активдүү заты – Симетикон ичтин көбүшү менен натыйжалуу күрөшө турганы далилденген. Ичти көптүрө турган бир нече абал жана кырдаал бар: (7)
● Кош бойлуу убакта, айыз же айыз токтогон убакта ичтин көбүшү
● Ар кандай тамакка жогорку сезгичтик жана көтөрө албастык ичти көптүрүшү мүмкүн.
● Баланын ичинин сайгылашып оорушу
● Стресс дагы ичти көптүрүшү мүмкүн
● Диагностикалык изилдөөлөргө даярданууда
Ичеги-карын жолдорунда газдын топтолушу негизинен тамак-аш массасында жана былжырда камтылган көбүк түрүндө газдын майда көбүкчөлөрүнөн улам пайда болот.
Симетикон газ көбүкчөлөрүнүн ажырашына алып келип, алардын үстүртөн тартылышын төмөндөтөт.
Кийин бөлүнгөн аба тамак-аш массасынан оңой бөлүнөт жана ичегиден чыгарылат.
Эгерде сиз ичтин көбүшүнөн жабыркасаңыз – бул жаатта сиз жалгыз эмес экениңизди билиңиз. Көпчүлүк адамдар кайсы бир учурда ичтин көбүшүнө жана метеоризмге кабылат. Биздин денебиз – бул тамакты энергияга айлантуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон таң калыштуу система. Эгерде бул процесс убагында ичеги-карын жолдорунда өтө көп газ пайда болсо, ичиңиз көпкөнүн сезесиз. Газдарды коё берүүгө жөндөмсүздүк катуу ыңгайсыздыкты жаратып, ичти оорутуп жана ал демейдегиден чоң көрүнүшү мүмкүн. Ичеги-карын жолдорунда газдардын пайда болушу негизинен бактериялар менен ферменттөөгө кабылган, сиңбеген тамактын өлчөмүнөн, ошондой эле ичеги флорасынын жалпы курамынан жана таралышынан көз каранды болот. Жынысынан көз карандысыз, ичтин көбүшү жана контролдонбогон метеоризм коркунучу күнүмдүк жашоодо стресстин олуттуу себеби болушу мүмкүн.
Метеоризм – бул арткы тешик аркылуу ашыкча өлчөмдөгү газдардын чыгышы, бул айрым адамдарды социалдык майыптуулукка алып келиши мүмкүн. Ич көңдөйүндөгү газ негизинен бактериялар менен иштелип чыгат, алар жоон ичегиде сиңбеген тамакты ферменттейт. Газдын өлчөмү ар кайсы адамда катуу айырмаланат жана тамактын курамынан жана бактериялардын метаболикалык активдүүлүгүнөн көз каранды болот. Эгерде адамдар газды натыйжалуу чыгара албаса, натыйжада ичегиде газдар узакка кармалып жана ичтин көбүшү жана оору симптомдору пайда болот.